ОшМПУ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 37 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинде Мамлекеттик тилдин 37 жылдыгына карата иш-чара өттү.
Саамалык Мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилин кеңири жайылтуу жана мамлекеттик тилде иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү маданиятын жогорулатуу максатын көздөйт.
Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти Жаннат Джумаева мекемеде иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн талаптары, расмий документтерди түзүүдө тилдик нормаларды сактоо жана мамлекеттик тилди иш кагаздарында туура колдонуу боюнча маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Мындан тышкары, кафедранын улук окутуучусу Таттуугүл Орозалиева «Сабаттуу бол» акциясынын алкагында кызматкерлерге жат жазуу жаздырды. Жат жазуу аркылуу катышуучулардын кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин сактоо деңгээлин жогорулатуу, сабаттуу жазууга болгон жоопкерчилигин арттыруу жана мамлекеттик тилди күнүмдүк ишмердикте туура колдонууга багыт берүү максаты көздөлдү.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тилдин 37 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан мындай иш-чаралар кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатууга, анын коомдук жана кесиптик чөйрөлөрдө кеңири колдонулушуна өбөлгө түзөт.
Жаңы комментарий кошуу