ОшМПУ: МЫКТЫ СТУДЕНТТЕР ПРОФЕССОР БАЛТАГУЛ НУРУНБЕТОВДУН АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эң мыкты 6 студенти профессор Балтагул Нурунбетов атындагы “Атуулдук стипендиянын” ээси болушту.
Стипендиянын сертификаттарын жана акчалай сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, ОшМПУнун ректорунун кеңешчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Аттокурович Нурунбетов өзү тапшырды. Ар бир стипендиат 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болду.
Аталган стипендияга талапкерлер факультеттер тарабынан сунушталып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде тандалып алынды. Алар окуудагы жетишкендиктери, илимий изилдөөлөргө болгон кызыгуусу, коомдук иштерге активдүү катышуусу жана кесиптик өнүгүүгө болгон умтулуусу менен айырмаланган студенттер болуп саналат.
Профессор Балтагул Нурунбетов бул демилгеси аркылуу жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга, аларды мекенчилдикке, жоопкерчиликке жана жарандык активдүүлүккө үндөөгө өз салымын кошуп келет. Мындай колдоо студенттердин билим пайдубалын бекемдөөгө, жаңы ийгиликтерди багындырууга жана келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон адистер болуп калыптануусуна өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, “Атуулдук стипендия” профессор Балтагул Нурунбетовдун жеке демөөрчүлүгү менен уюштурулуп, илимий-изилдөө, окуу, коомдук-маданий жана спорттук иштерде жетишкендиктерди көрсөткөн студенттерге финансылык колдоо көрсөтүү максатында ыйгарылууда.
Жаңы комментарий кошуу