ОшМПУ: Магистранттардын кезектеги илимий-практикалык конференциясы

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КР Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында “Улут деми – уңгу жол” аталышында магистранттардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Иш-чара окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров тарабынан ачылып, ал өз сөзүндө кыргыз элинин руханий мурасы, тарыхы жана улуттук баалуулуктардын билим берүү системасындагы орду тууралуу белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Саамалыктын башкы максаты — улуттук нарк баалуулуктарын сактоо менен катар заманбап билим берүү технологиялары аркылуу илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, ошондой эле магистранттардын илимий тажрыйбасын тереңдетүү болуп саналат.

Пленардык жыйында ар кайсы багыттагы илимий баяндамалар угулду. Алардын ичинде кыргыз этнопедагогикасынын негизинде тарбиялоо маселелери, санариптик билим берүү технологиялары, көп тилдүү окутуу шартындагы биология сабагын окутуунун ыкмалары, ошондой эле чет тилдерди окутууда дидактикалык оюндарды колдонуу боюнча изилдөөлөр сунушталды.

Илимий конференцияга жалпысынан 80ден ашуун илимий макала келип түшүп, секциялык жыйындарда билим берүү тармагындагы салттуу жана инновациялык ыкмалар кеңири талкууланды.

Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты доклад даярдаган магистранттар атайын даярдалган дипломдор менен сыйланышты. Белгилей кетсек, аталган иш-чара университеттин аспирантура жана магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулду.