ОшМПУ: Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан Ноокат районундагы мектеп мугалимдери үчүн уюштурулган он күндүк кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Окуу курсу мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууга жана заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталып, жогорку деңгээлде уюштурулду. Курстун жүрүшүндө катышуучулар теориялык жана практикалык билимдерин тереңдетип, тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк алышты.

Натыйжада курска катышкан мугалимдер уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, мындан ары да кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жыйынтыгында жүздөн ашуун мугалимге сертификаттар тапшырылды. Аталган саамалык билим берүү тармагында тажрыйба алмашууну күчөтүп, мугалимдердин кесиптик өсүүсүнө олуттуу салым кошту.

Окутуунун жогорку деңгээлде уюштурулушуна окуу жайдын табият таануу жана география факультетинин деканы Гүлмира Долонова, педагогика жана психология кафедрасынын окутуучулары Нуриза Мамашерип кызы, Тамара Арапова, биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын улук окутуучулары Гүлзада Сагынбаева, Кайратгүл Кошуева, дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Нуркыз Заирова, математика жана компьютердик технологиялар факультетинин окутуучусу Айсырга Ырысбаева, ошондой эле колледждин Мамлекеттик тил кафедрасынын аспирант-окутуучусу Эртөштүк Жумабаев, аталган бөлүмдүн башчысы Жыпаргүл Шербаева жана бөлүмдүн адиси Айзат Абдыразак кызы активдүү катышып, жакындан колдоо көрсөтүштү.