ОшМПУ: Табият таануу жана география факультетинде 1-курстарды кабыл алуу аземи өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу жана география факультетинде 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага аталган факультеттин деканы Гулмира Долонова баштаган окутуучулар жамааты, студенттер жана алардын ата-энелери катышып, таланттуу жаштар даярдаган концерттик программага күбө болушту.
Азем 17-ноябрь — Студенттер күнүнө карата уюштурулуп, мында студенттик жашоону чагылдырган ырлар, бийлер, поэзия жана маданий номерлер көрсөтүлүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.
Саамалыктын жүрүшүндө факультеттин мыкты тайпалары аныкталып, “Ынтымактуу тайпа”, “Тартиптүү тайпа”, “Үлгүлүү тайпа” сыяктуу номинациялар ыйгарылды. Ошондой эле окууда жана коомдук иштерде активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды. Мындан сырткары факультет ичинде өткөрүлгөн волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жыйынтыгында бүтүрүүчү курстун студенттери 1-курстун студенттерине белектерди тапшырып, алардын окуудагы жана студенттик жашоодогу сапарына ийгиликтерди каалашты.
Жаңы комментарий кошуу