ОшМПУда Айтматов мурасына арналган эл аралык конференция өтүүдө
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Чыңгыз Айтматов жана глобалдык гуманизм: маданияттар диалогу жана адамзаттын келечеги” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Илимий жыйынга университеттин профессордук-окутуучулук жамааты, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, окумуштуулар, профессорлор, жаш изилдөөчүлөр жана студенттер катышууда. Конференциянын расмий ачылышында университеттин ректору Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мурасы бүгүнкү күндө да дүйнөлүк маанисин жоготпогонун белгиледи.
Пленардык жыйында Айтматовдун чыгармаларындагы гуманизм, тарыхый чындык, экологиялык аң-сезим, педагогикалык маселелер жана жалпы адамзаттык баалуулуктар тууралуу кеңири баяндамалар жасалды. Баяндамачылар жазуучунун көркөм мурасы бүгүнкү күндө да руханий тарбиянын, маданияттар диалогунун жана глобалдык ой жүгүртүүнүн маанилүү булагы экенин белгилешти. Ошондой эле чыгармалардагы табиятка болгон мамиле, адамдык жоопкерчилик жана улуттук баалуулуктар илимий өңүттө талкууланды.
Мындан сырткары, конференция секциялык иштер менен уланууда. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы гуманизм жана философиялык ой жүгүртүү, руханий коопсуздук, этика жана адамзаттын келечеги, Айтматов жана дүйнөлүк адабият, табият маселелери жана учурдагы табигый илимдердин өнүгүшү, гуманисттик баалуулуктарды калыптандырууда билим берүүнүн ролу, ошондой эле физика-математикалык илимдердеги системалуу ой жүгүртүү багыттары боюнча илимий баяндамалар окулуп, пикир алмашуулар жүрүүдө. Конференцияга жалпысынан 150дөн ашык илимий макала келип түшүп, 9 секцияда угулууда. Жыйындын соңунда атайын резолюциясы кабыл алынат.
Белгилей кетсек аталган илимий конференциянын негизги максаты – Айтматовдун идеялары аркылуу адамзаттын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү руханий баалуулуктарды жайылтуу, улуттук жана дүйнөлүк деңгээлдеги илимий кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү болду.
Жаңы комментарий кошуу