ОшМПУда БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 15-сентябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаңы окуу жылынын башталышына карата Билим күнү салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик курам, профессордук-окутуучулук жамаат, студенттер жана университеттин босогосун алгач ирет аттаган биринчи курстун студенттери катышты.

Саамалыкты ректор Бекмурза Зулуев ачып, профессордук-окутуучулук курамды жана студенттерди Билим күнү менен куттуктады. Ректор өз сөзүндө быйылкы жылы мугалимдик кесипти тандап, педагогикалык багытта билим алууга тапшырган абитуриенттердин саны көп болгонун белгилеп, бул көрсөткүч окуу жайдын жамааты үчүн кубанычтуу көрүнүш экенин айтты.

«Быйыл мугалимдик кесипке тапшыргандардын саны көп болду. Биз буга абдан кубанычтабыз. Анткени мугалим – коомдун келечегин аныктаган, жоопкерчилиги чоң жана ардактуу кесип. Биздин окуу жайда сиздер үчүн бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эми ошол мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, талыкпай окуу керек», – деди Бекмурза Зулуев.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аксакалдар кеңешинин төрагасы Мырзаш Жумабаев жана ректордун кеңешчиси, т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов сөз сүйлөп, студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалашты.

Салтанат майрамдык ыр-бийлер жана чыгармачылык номерлер менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды. Иш-чаранын соңунда биринчи курстун студенттерине университеттин түзүмү жана факультеттер тууралуу маалымат берилип, факультеттерде жаңы студенттер үчүн атайын жолугушуулар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, быйыл 2026-2027-окуу жылына жалпы 4000 студент кабыл алынды. Учурда университеттин бардык факультеттеринде жана колледжинде окуу процесси активдүү башталды.