ОшМПУда ЖК депутаттарынын көчмө жыйыны өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин кезектеги көчмө жыйыны өттү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлердин орун басарлары, Ош шаардык мэриясы, жогорку окуу жайлардын ректорлору, мектеп жана бала бакча жетекчилери катышып, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Жыйында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 36–38-беренелеринин аткарылышы, тактап айтканда инклюзивдик билим берүү маселеси каралды. Талкууда инклюзивдик билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Атап айтканда, логопед, психолог, дефектолог сыяктуу адистердин жетишсиздиги белгиленип, өлкө боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарында болгону 20 логопед иштеп жатканы айтылды. Мындан тышкары, аймактардагы билим берүү мекемелеринде атайын шарттар толук камсыздалбай жатканы, көпчүлүк мектептерде пандустар жана жеткиликтүү шарттар жетишсиз экени белгиленди.

Ошондой эле 2026–2036-жылдарга карата инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана адистердин штаттык бирдиктерин көбөйтүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин эл өкүлдөрү эки күн бою Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бир катар билим берүү мекемелерин кыдырып, жеринде таанышышкан.