ОшМПУда КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата тегерек стол өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата тегерек стол өткөрүлдү.
Саамалык “КМШнын 35 жылдык тарыхый жолу: өткөнкүсү жана келечек багыттары” аталышында уюштурулуп, ага факультеттердин декандары, окутуучулар жана студенттер катышты.
Жолугушууну аталган факультеттин тарых кафедрасынын башчысы Роза Шарипова ачып, КМШ өлкөлөрүнүн 35 жылдык тарыхы жөнүндө ой бөлүштү. Ошондой эле окуу жайдын тарых илимдеринин кандидаты Самарбек Осмонов “КМШнын түзүлүшү жана 35 жылдык тарыхый жолу” темасында баяндама жасап, КМШнын түзүлүү себептери, анын аймактык коопсуздукту камсыздоодогу жана социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанисине кеңири токтолду.
Бул менен катара катышуучулар ортосунда кызуу талкуу жүрүп, КМШ алкагындагы билим берүү, илимий кызматташтык жана саясий-экономикалык мамилелердин азыркы абалы боюнча пикир алмашышты.
Иш-чаранын соңунда тегерек столдун жыйынтыктоочу резолюциясы кабыл алынды. Анда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы илимий-агартуучулук байланыштарды чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды бат-баттан уюштуруу жана студенттердин тарыхый аң-сезимин жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар камтылды.
Белгилей кетсек аталган иш-чаранын максаты жаштар арасында тарыхый аң-сезимди калыптандыруу жана эл аралык достукту өнүктүрүү болуп саналат
Жаңы комментарий кошуу