ОшМПУда Мамлекеттик тилдин 37 жылдыгы белгиленди
Бүгүн, 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.
Бул датага карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде эне тилдин маанисин даңазалаган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө жарлыгынын алкагында Мамлекеттик тилдин 37 жылдыгына карата университеттин Кыргыз-Россия факультетинде «Эне тил – элдин руху, салт – анын мурасы» аттуу маданий кече уюштурулду.
Иш-чарага аталган факультеттин деканы Айдын Токтосунова баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Кеченин жүрүшүндө студенттер эне тилге, улуттук баалуулуктарга жана кыргыз элинин салт-санаасына арналган чыгармачылык номерлерин тартуулашты. Мында көркөм окуулар айтылып, кыргыз бийлери аткарылып, кыргыздын каада-салттарын чагылдырган сахналык көрүнүштөр тартууланды.
Мындан сырткары, тайпалар арасында улуттук тамак-аштар жана кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган көргөзмө уюштурулуп, улуттук баалуулуктарды тааныткан таймаш өткөрүлдү.
Соңунда активдүү катышкан студенттер аныкталып, мыктыларга сыйлыктар тапшырылды.
Мындай саамалыктар жаштарды эне тилди ыйык мурас катары сактоого, кыргыз элинин улуттук нарк-насилин, салт-санаасын жана маданий баалуулуктарын урматтоого үндөйт. Ошондой эле мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөөгө жана анын кадыр-баркын арттырууга багытталган.
Жаңы комментарий кошуу