ОшМПУда ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Россиянын Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте уюштурулган орус тили боюнча эл аралык билим берүү долбоору старт алды.
Беш күнгө созула турган долбоордун алкагында Россиядан келген тажрыйбалуу окутуучулар студенттерге лекция окуп, практикалык тапшырмалар аркылуу түздөн-түз иш алып барышат.
Ошондой эле катышуучулар үчүн орус тилин заманбап технологиялардын жардамы менен окутуу, интерактивдүү жана коммуникативдик методдорду колдонуу, виртуалдык экскурсияларды уюштуруу, жасалма интеллект аркылуу сабак даярдоо, мобилдик тиркемелер менен иштөө, онлайн жана аралыктан окутуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча мастер-класстар жана интерактивдүү сабактар өткөрүлөт. Окуу программасынын соңунда катышуучулар эссе жана чыгармачылык иштерин коргоп, атайын сертификаттарга ээ болушат.
Долбоордун негизги максаты — келечектеги орус тили мугалимдерин колдоо, алардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, орус тили менен маданиятын жайылтуу, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө жана жаш педагогдор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат.
Жаңы комментарий кошуу