ОшМПУда ПСИХОЛОГИЯ БОЮНЧА II ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ФОРУМ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Бүткүл дүйнөлүк психологдор күнүнө карата II Эл аралык илимий форум өткөрүлдү.
Саамалык “Учурдагы инсандын ички потенциалын реализациялоодо психология илиминин орду” аталышында болуп, Кыргызстан психологдор коому ассоциациясынын демилгеси менен окуу жайдын 100 жылдыгына карата уюштурулду.
Форумга университеттин ректору Бекмурза Зулуев, профессордук-окутуучулук жамаат, Кыргызстан психологдор коомунун төрайымы, психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакеева баштаган белгилүү психологдор, Ош шаарындагы тажрыйбалуу психолог мугалимдер жана студенттер катышты.
Иш-чаранын ачылышында ректор Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, форумдун ийгиликтүү өтүшүнө каалоо-тилектерин айтып, бардык психологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады.
Аны улай пленардык жыйындын докладдары окулду. Мында спикерлер профессор Акчач Жолдошова "Психологиянын азыркы учурдагы негизги маселелери жана аны чечүү жолдору", Чынара Шакеева “Кыргызстан психологдор коомчулугу; мыйзамдардан практикага – келечектеги компетенттүү психологду калыптандыруу”, Бегай Кашкарбаева “Кыргызстанда жасалма интеллектти психологияда колдонуунун өзгөчөлүктөрү”, Наргиза Ештаева "Аялдардын, кыздардын психологиялык зомбулукка кабылуусунун алдын алууда кризистик борборлордун ролу" сыяктуу бир катар баяндамалар жасалды.
Жыйында мындан сырткары миграциянын аялдык жүзү: психологиялык аспектилер, баланын өнүгүүсүндө ата-эненин психологиялык сабаттуулугунун ролу, инсандын өнүгүүсүнө психологиянын тийгизген таасири жана заманбап психологиянын актуалдуу маселелери талкууланды. Психологдор, адистер жана студенттер илимий-теориялык жана практикалык багыттагы маанилүү суроолор боюнча пикир алмашышты. Бул менен бирге чакан концерттик программа тартууланып, жыйынтыгында катышуучуларга атайын сертификаттар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Форумдун негизги максаты — студенттердин багыт алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, тажрыйбалуу психологдор менен окутуучуларды бириктирүү, азыркы көйгөйлөрдү талкуулоо жана психологиялык билим берүүнүн өнүгүүсүнө салым кошуу болду. Аталган эл аралык форум алгачкы жолу Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн. Ал эми III форумду Ысык-Көлдө өткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, психология адистиги окуу жайда музыкалык-педагогикалык факультетинин алдында 2024-жылы ачылган. Учурда 30 студент билим алат.
Жаңы комментарий кошуу