ОшМПУда ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ АЧЫЛДЫ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Бүткүл дүйнөлүк психологдор күнү белгиленип, музыкалык-педагогикалык факультетинде психологиялык лаборатория ачылды.

Ачылуу аземге университеттин ректору Бекмурза Зулуев, Кыргызстан психологдор коомунун төрайымы, психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакеева жана факультеттин окутуучулары катышты. Коноктор алгач жаңы ачылган борбордун кызыл тасмасын кесишти.

Лаборатория ОшМПУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, психология илимдеринин доктору, профессор Акчач Жолдошованын демилгеси менен негизделди. Ал студенттер үчүн түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып, лабораториянын багыттары боюнча маалымат берип өттү. Ошондой эле бул саамалык университеттин 100 жылдык мааракесине арналганын белгиледи.

Профессор Акчач Жолдошованын айтымында, лабораториянын негизги максаты — психологиялык маселелерди аныктоо, аларды илимий негизде изилдөө жана лабораториялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү. Мында студенттер илимий изилдөөнүн мазмуну, ыкмалары, этаптары боюнча практикалык иштерди жүргүзүшүп, алыскы аймактар үчүн санариптештирилген психологиялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Белгилей кетсек музыкалык-педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасынын алдындагы психология адистиги 2024-жылы түзүлгөн. Учурда аталган адистик боюнча студенттер 2-курста билим алышууда.