ОшМПУда Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленди

Бүгүн, 10-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленди.

Саамалыктын башкы максаты — илимдин коомдогу ордун даңазалоо, жаштарды илимий ишмердикке кызыктыруу жана тынчтык менен өнүгүүнүн негизги фактору катары илимдин ролун баса белгилөө болду.

Салтанатты окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып, илим — өнүгүүнүн негизи, тынчтыктын кепилдиги жана келечектин ачкычы экенин баса белгилөө менен бардык профессордук-окутуучулук курамды бул майрам менен куттуктап өттү. Ал илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө окуу жайда бардык шарттар түзүлгөнүн, илимий изилдөө ишмердиги — бул университеттин миссиясын ишке ашыруунун өзөгү экендигин айтып, окуу жайдын илимий абалын мындан ары өнүктүрүү үчүн ар бир кызматкер салым кошушу керектигин баса белгиледи.

Иш-чараны университеттин илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров улантып, ЮНЕСКО бул күндү 2001-жылы расмий жарыялаганын, ал эми Кыргызстанда 2002-жылдан баштап белгиленип келе жатканын билдирди. Ал университеттеги илимий ишмердүүлүктүн маанисине кенен токтолуп, төмөнкүлөргө басым жасады:

• Илим-изилдөө окутуу процессинин сапатын жакшыртат: Окутуучулардын изилдөөлөрү сабактарды заманбап маалымат менен байытып, студенттерди сынчыл ой жүгүртүүгө жана аналитикалык изденүүгө үйрөтөт.

• Университеттин илимий ишмердиги анын эл аралык аброюн жана рейтингин жогорулатат: Илимий макалалардын жарыяланышы, эл аралык долбоорлорго катышуу жана инновациялык изилдөөлөр университеттин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдейт.

• Илимий изилдөөлөр экономикалык жана социалдык өнүгүүгө түздөн-түз салым кошот: Университеттеги изилдөөлөр практикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, жаңы технологияларды жана педагогикалык ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

• Илим-жаш адистерди тарбиялоонун эң натыйжалуу жолу: Студенттер жана магистранттар илимий долбоорлорго катышуу аркылуу өз алдынча ой жүгүртүүнү, талдоо жүргүзүүнү жана жыйынтык чыгарууну үйрөнүшөт. Бул алардын келечектеги карьерасына чоң өбөлгө түзөт.

Бул менен бирге университеттеги илимий жетишкендиктер да белгиленди. РИНЦ системасында илимий макалалары жарыяланган мыкты он окутуучуга алкыштар айтылды. Ошондой эле Скопустагы Хирш индекси (H-index) боюнча (илимий ишмердүүлүгүнүн таасирин жана натыйжалуулугун өлчөгөн негизги көрсөткүчтө) университет боюнча биринчи орунду алгандыгы үчүн профессор Анарбай Бабеков Ардак грамота менен сыйланды. Мындан сырткары “ОшМПУ жарчысы” илимий усулдук журналы менен тыгыз иштешкен окутуучуларды да белгилеп, аларга да университеттин Ардак грамотасы ыйгарылды.

Жыйынтыгында илим тармагындагы жетишкендиктер университеттин келечектеги өнүгүүсүнө жана студенттердин илимий потенциалын арттырууга зор салым кошору белгиленди.