ОшМПУда ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык спорттук мелдеш старт алды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгынын негизинде жана 10-ноябрь - жаштар күнү, 17-ноябрь-Эл аралык студенттер күнүнө карата өткөрүлүүдө.
Ага ылайык окуу жайда мелдештин ачылуу аземи уюштурулуп, ага 6 факультеттин жана колледждин студенттери катышууда. Бул жолку мелдеште катышуучулар спорттун волейбол, тогуз коргоол, шахмат жана стол теннис түрлөрү боюнча таймаш курушат. Аталган спорттук саамалык 14-ноябрга чейин созулат. Учурда волейбол оюну боюнча мелдеш жүрүп жатат. Алдыда байгелүү орундарга ээ болгон командалар окуу жай жетекчилиги тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Белгилей кетсек мелдеш студенттерди дене тарбиялык жана руханий жактан өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана жаштар арасында мыкты спортчуларды аныктоо максатында дене тарбия факультети жана жаштар комитети тарабынан уюштурулууда.
Жаңы комментарий кошуу