ОшМПУда Эл аралык студенттер күнү белгиленди

Бүгүн, 17-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Эл аралык студенттер күнү белгиленип, майрамдык кече уюштурулду.

Саамалыктын алгачкы бөлүгү “Алло, таланттарды издейбиз” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти менен башталды. Мында окуу жайдын босогосун жаңыдан аттаган 1-курстун студенттери ыр-бий, көркөм окуу, сахналык көрүнүш жана тамашоу аткаруу менен өздөрүнүн алгачкы талантын тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты.

Кеченин расмий бөлүгүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн айтып, студенттерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө студенттик күндөрдүн баалуулугуна, илим-билимге умтулуу зарылдыгына токтолуп, жаштарды ар бир мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга жана чыгармачылыкта жаңы ийгиликтерди жаратууга үндөдү.

Андан соң окууда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон, коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле университеттин атын түрдүү саамалыктарда татыктуу коргоп келе жаткан активдүү студенттерге, Президенттик стипендиаттарга сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМПУнун ардактуу окутуучусу, белгилүү тарыхчы маркум Турсун Абжаловдун урматына анын үй-бүлөсү тарабынан тарых адистигинде билим алып жаткан эки студентке 5000 сомдон атайын стипендия ыйгарылды. Бул демилге студенттердин окууга болгон шыгын арттырууга багытталган маанилүү колдоо катары кабыл алынды. Майрамдык салтанат студенттик жашоонун шаттуу көз ирмемдерине бөлөп, ага катышкан ар бир студентке унутулгус маанай тартуулады.

Жалпы студент досторду майрамы менен кызуу куттуктайбыз!