ОшМПУда Эл аралык эне тил күнү белгиленди
Бүгүн, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинде 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.
Иш-чара орус тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин окутуучулары жана студенттери активдүү катышты. Атап айтканда, факультеттин 1–3-курстарынын, анын ичинде ОТ-23 жана ОТ-25 тайпаларынын студенттери өздөрүнүн чыгармачылыгын жана жигердүүлүгүн көрсөтүштү.
Кеченин алкагында кыргыз жана орус элдеринин улуттук тамак-аштары, кол өнөрчүлүк буюмдары жана сувенирлер коюлган көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле таланттуу студенттер ар улуттун маданиятын чагылдырган ыр-бий, көркөм окуулар менен коштолгон концерттик программа тартуулашты.
Соңунда факультеттин деканы Айдың Токтосунова студенттерге чыгармачылык ийгилик каалап, активдүү катышуучуларды Ардак грамоталар менен сыйлады. Аталган саамалык маданиятыбыздын байлыгын, көп улуттуу элдердин достугун жана биримдигин даңазалаган мазмундуу иш-чаралардын бири болду.
Жаңы комментарий кошуу