ОшМПУда аспиранттарга сертификаттар тапшырылды
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде аспирантура бөлүмүнүн бүтүрүүчү аспиранттарына жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган бирдиктүү үлгүдөгү сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чара университеттин чоң жыйындар залында өтүп, бүтүрүүчүлөрдү окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев куттуктап, алардын илим жолундагы изденүүлөрүнө ийгиликтерди каалады.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы №358 токтому менен бекитилген “Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндөгү жобого” ылайык өткөрүлдү. Ошондой эле 2025-жылдын 29-декабрындагы №07-01§5 буйруктун негизинде жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн аспиранттарга сертификаттар тапшырылды.
2025–2026-окуу жылында аспирантураны төмөнкү илимий адистиктер боюнча жалпысынан 24 аспирант жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту:
• 13.00.01 – Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;
• 13.00.02 – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана усулу (тармактар боюнча);
• 02.00.03 – Органикалык химия;
• 03.02.01 – Ботаника;
• 10.02.01 – Кыргыз тили.
ОшМПУ жамааты бүтүрүүчү аспиранттарды куттуктап, алардын илимий изилдөөлөрүндө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан ары да ийгиликтерди каалайт.
Жаңы комментарий кошуу