ОшМПУда билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча семинар-тренинг өтүүдө

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Келечек үчүн билим берүү долбоору менен биргеликте үч күндүк семинар-тренинг өтүп жатат.

Саамалык билим берүүнүн сапатын баалоо системасын өнүктүрүүгө жана педагогдордун кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталып, ага университеттин 50 окутуучусу, ошондой эле Ош билим берүү институтунун жана Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынын адистери катышууда. Жалпысынан 80 педагог камтылган иш-чараны тренерлер Мира Мыкыева жана Светлана Кудайбергенова алып барууда.

Семинар-тренингдин негизги максаты — жогорку жана орто кесиптик педагогикалык окуу жайлардын, ошондой эле педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарынын окутуучуларынын окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоонун заманбап инструменттерин колдонууга карата институционалдык жана методикалык даярдыгын жогорулатуу болуп саналат. Катышуучулар мындан ары билим берүү системасында жаңы ыкмаларды жайылтуунун негизги алып баруучулары катары иш алып барышат.

Тренинг программасы үч негизги багытты камтыйт. Анын алкагында катышуучулар баалоонун заманбап ыкмалары, компетенттүүлүккө негизделген мамиле жана билим берүү саясатындагы баалоонун орду менен таанышууда. Ошондой эле критериалдык баалоо жана билим берүү стандарттарына ылайык тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча практикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, семинарда критериалдык баалоо, билим берүү практикаларына байкоо жүргүзүү, окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн жана балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча инструменттер практикалык негизде өздөштүрүлүүдө. Катышуучулар видеофрагменттер менен иштеп, коддоо, талдоо жана жыйынтыктарды интерпретациялоо боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Тренингдин дагы бир багыты санариптик чечимдерге арналган. Анда катышуучулар “Санарип Кампа” платформасы менен иштөөнү үйрөнүп, окутуу модулдарын колдонуу, инструменттерди окуу процессине жайылтуу жана окутуунун натыйжалуулугун баалоо боюнча тажрыйба алышууда.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү тарабынан уюштурулду.