ОшМПУда китеп күнүнө арналган маданий-агартуучулук иш-чара өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 14-февраль — Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата “Кыргызстандын келечеги – китепкөй жаштар” аталышында иш-чара өткөрүлдү.

Ага “Бир адамдан бир китеп” коомдук бирикмесинин Ош филиалынын төрагасы Нурмухамед Кудайбердиев, математика жана аны окутуунун усулу кафедрасынын башчысы Жаркынай Алиева баштаган окутуучулар жана студенттер катышты.

Саамалыктын негизги максаты — жаштарды китеп окууга үндөө жана билимге болгон кызыгуусун арттыруу. Программанын жүрүшүндө оюндар уюштурулуп, поэзиялар окулуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында активдүү студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылды. Иш-чара аталган коомдук бирикме жана ОшМПУнун математика жана компьютердик технологиялар факультети менен биргеликте уюштурулду.