ОшМПУда магистранттар музыкалык кече тартуулашты
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КР Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгын жайылтуу максатында “Улуттук уңгу – илимдин жана маданияттын башаты” аттуу музыкалык кече өткөрүлдү.
Иш-чараны көркөм билим берүү профилинин музыкалык билим берүү багытында билим алып жаткан магистранттар даярдашып, улуттук маданиятты даңазалаган концерттик программа тартуулашты.
Мында адеп-ахлак, нарк-насил, улуттук баалуулуктар жана уңгужол темасына арналган чыгармалар аткарылып, манас айтуу, элдик ырлар, кыз-жигиттер айтышы, элдик күүлөр жана заманбап ырлар оркестрдин коштоосунда жаңырды. Ар бир номер көрүүчүлөргө улуттук маданияттын тереңдигин жана көркөм дүйнөсүн чагылдырды.
Бул менен бирге окууда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон, коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн магистранттар окуу жайдын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Аталган саамалыкты Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аптапкан Нышанова, кафедра башчысы Туратбек Муратов жана кафедранын окутуучусу Сүйүнтбек Абдилатипов уюштурушту. Музыкалык кече жогорку деңгээлде өтүп, улуттук маданиятты, руханий баалуулуктарды жана искусствону даңазалаган мазмундуу иш-чаралардын бири болду.

Жаңы комментарий кошуу