ОшМПУда магистранттардын жана аспиранттардын илимий-практикалык конференциясы өтүүдө
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде аспирантура жана магистратура бөлүмү тарабынан “Санариптик билим берүү — замандын талабы” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлүүдө.
Иш-чарага университетте билим алып жаткан аспиранттар менен магистранттар катышып, аны ректор Бекмурза Зулуев жана окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору Равшан Абсатаров ачып берди.
Саамалыктын негизги максаты — жогорку билим берүү, педагогика, башталгыч жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу, филология, физика-математикалык, социалдык-экономикалык, табигый билим берүү сыяктуу багыттарда изилдөө жүргүзгөн жаш изилдөөчүлөрдүн ортосунда тажрыйба жана маалымат алмашуучу аянтча түзүү.
Пленардык жыйында жаш илимпоздор санариптик билим берүүнүн ар кандай аспектилерин талкуулап, заманбап изилдөөлөрдү сунушташып, өз макалаларын жакташууда. Андан соң катышуучулар 8 секцияга бөлүнүп, магистранттар өз илимий темалары боюнча докладдарын окушат.
Конференцияга жалпы 200дөн ашуун илимий макала келип түшкөн. Алдыда конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты доклад даярдаган аспиранттарга жана магистранттарга дипломдор тапшырылат.
Бүгүнкү күндө жаш изилдөөчүлөрдүн илимий иштерге берилүүсү өлкөнүн илимий-технологиялык потенциалынын өсүшүнө өбөлгө түзүп, улуттук инновациялык системанын калыптанышына салым кошот. Бардык катышуучуларга жана жаш илимпоздорго ийгилик каалайбыз!
Жаңы комментарий кошуу