ОшМПУда окуу жайлар аралык жаштар комитеттеринин кызматташтык келишимине кол коюлду
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жогорку окуу жайлардын жаштар комитеттеринин ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду.
Келишимге университеттин жаштар комитетинин төрагасы Чынгыз Кадырмамат уулу, Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов, Ош мамлекеттик университетинин жаштар комитетинин төрагасы Токторбай Кенжеев, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жаштар комитетинин төрагасы Өмүрзак Тыныбек уулу жана Ош технологиялык университетинин жаштар комитетинин төрагасы Элтуран Кадырбеков кол коюшту.
Аталган келишим жаштар саясаты, студенттик демилгелер жана коомдук активдүүлүк жаатында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында биргелешкен форумдар, жолугушуулар, маданий, спорттук жана социалдык иш-чараларды өткөрүү, ыктыярчылык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Келишим тараптардын өз ара түшүнүшүүсүн жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди
Жаңы комментарий кошуу