ОшМПУда студенттер арасында “Тамашоу” боюнча ректордун кубогу өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык ректордун “Тамашоу” кубогунун финалдык этабы өткөрүлдү.
Иш-чара студенттик жашоого өзгөчө шаң берип, жаштардын чыгармачылык потенциалын ачууга жана сахна маданиятын өнүктүрүүгө багытталды. Финалга биринчи турдан ийгиликтүү өткөн 4 команда катышып, өз ара күч сынашты. Алар көрүүчүлөргө ар тараптуу таланттарын тартуулап, юмордук деңгээли, оригиналдуулугу жана командалык иши менен айырмалана алышты.
Сынак төрт этаптан турду: “визитка” (таанышуу), сахналык сценка, видео-ролик жана импровизация форматындагы суроо-жооп. Ар бир этапта катышуучулардын чыгармачылыгы, сахнадагы чеберчилиги, көрүүчүлөр менен байланышы жана юмордун сапаты атайын дайындалган калыстар тобу тарабынан бааланды.
Жыйынтык: дене тарбия факультетинин “Ар намыс” командасы 4-орунду, математика жана компьютердик технологиялар факультетинин “Comedy girls” командасы 3-орунду, колледждин “5 star” командасы 2-орунду ээледи. Ал эми Кыргыз-Россия факультетинин “Кичинекей гиганттар” командасы 1-орунга татыктуу болуп, ректордун кубогунун жеңүүчүсү аталды. Катышуучуларга, жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга уюштуруу тобу тарабынан дипломдор, кубок, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол жөнүндө жарлыгынын алкагында уюштурулду. “Тамашоу” кубогу университеттин маданий турмушунда өзгөчө орун алган, мазмундуу жана кызыктуу иш-чаралардын бири болуп эсептелет.
Жаңы комментарий кошуу