ОшМПУда түрк жазма мурастарына арналган илимий конок-лекция өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасында илимий-агартуу багытындагы маанилүү иш-чара болуп өттү.
Саамалыкка университеттин ректору Бекмурза Зулуев, аталган факультеттин деканы Айдың Токтосунова катышты. Мында кафедранын студенттери үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Айман Акынбекова “Түрк элдеринин байыркы жазма эстеликтери” аталышындагы конок лекциясын окуду.
Лекциянын жүрүшүндө түрк элдеринин байыркы жазма мурастарынын калыптаныш тарыхы, Орхон–Енисей жана Талас эстеликтеринин текстологиялык жана лингвистикалык өзгөчөлүктөрү кеңири талданып, алардын түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдөгү илимий баалуулугуна өзгөчө басым жасалды. Ошондой эле байыркы жазма эстеликтер түрк элдеринин этномаданий дүйнө таанымын, руханий мурасын жана тарыхый эс тутумун чагылдырган негизги булак экендиги белгиленди.
Лектор байыркы жазма эстеликтерди изилдөөнүн заманбап методологиялык ыкмаларына токтолуп, аларды бүгүнкү түркология, тил илими жана адабият таануу тармактары менен байланышта кароонун зарылдыгын негиздеп өттү. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер тарабынан илимий суроолор берилип, мазмундуу талкуулар уюштурулду. Бул иш-чара студенттердин түркологиялык билимдерин тереңдетүүгө, тарыхый-лингвистикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана илимий изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.
Соңунда кафедра жамааты конок лекторго мазмундуу илимий лекциясы жана тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындай илимий кызматташуулар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.
Жаңы комментарий кошуу