ОшМПУда “Заманбап мугалим модели” аталышында усулдук семинар өткөрүлдү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Заманбап мугалим модели” аталышында усулдук семинар болуп өттү.
Иш-чаранын коногу — Америка акценти боюнча тренер, лайф-коуч Чыңгыз Жапаров болуп, ага университеттин студенттери катышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар заманбап мугалимдин жүзү, кесиптик өсүү жолдору, мотивация жана дисциплина сыяктуу маанилүү темалар боюнча пайдалуу кеңештерди жана ыкмаларды угушту.
Тренер Чыңгыз Жапаров мыкты мугалим болууга умтулуу, өзүн үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана заман талабына ылайык иш алып баруу ар бир жаш адистин негизги багыты болушу керектигин белгиледи.
Бул сыяктуу усулдук семинарлар студенттердин кесиптик даярдыгын арттырып, болочок мугалим катары өзүн-өзү өркүндөтүүгө шыктануу берет.
Жаңы комментарий кошуу