ОшМПУда “Рахмат айтуу күнү” (Thanksgiving day) белгиленди

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университететинде эл аралык рахмат айтуу күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Самаалыкка гуманитардык факультетинин англис тили адистигинде окуп жаткан студенттер катышып, рахмат айтуу күнүнүн тарыхын жана салттарын сахналаштырып, тематикалык стенгазета, ыр, бий, чакан театрлык номерлерди жана чыгармачылык көркөм көрсөтүүлөрдү тартуулап, майрамдык өзгөчө атмосфера жаратышты.

Мындан сырткары, салтка ылайык майрамдык дасторкон даярдалып, иш-чара көрүүчүлөр үчүн суроо-жооп жана интерактивдүү кызыктуу оюндар менен коштолду.

Жыйынтыгында активдүү катышкан тайпаларга атайын номинациялар жана кызыктыруучу белектер тапшырылып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, саамалык студенттердин маданий билимдерин өнүктүрүү, чыгармачылык потенциалын ачуу жана топтук ишти өнүктүрүү максатында окуу жайдын гуманитардык факультети тарабынан уюштурулду.