ОшМПУда “СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮ – 2026” СЫЙЛОО АЗЕМИ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Сыймыктуу бүтүрүүчү – 2026” аталышындагы салтанаттуу сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы, бүтүрүүчүлөр жана окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланган 80 студент катышты.
Салтанаттуу аземди ачкан ректор Бекмурза Зулуев бүтүрүүчүлөрдү окуу жайды ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, колдоруна алган дипломдун үзүрүн көрүп, барган жеринде өз кесибинин мыкты адиси болушуна тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле жаш адистерге ак жол каалап, өлкөнүн билим берүү тармагына жана агартуу айдыңына татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуудагы мыкты жетишкендиктери, коомдук-маданий иштерге активдүү катышуусу жана университеттин коомдук турмушуна кошкон салымы үчүн 80 бүтүрүүчү студент сыйланды. Алардын ар бирине ыраазычылык каттар, төш белгилер жана атайын белектер тапшырылды.
Мындан сырткары, “Ала-Тоо жазы – 2026” фестивалынын жана “Жалындуу жаштар” долбоорунун жеңүүчүлөрү да сыйланып, жетишкендиктери белгиленди. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, чыгармачыл жаштар катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.
Жаңы комментарий кошуу