ОшМПУда “Санариптик куралдар жана билим берүүнү автоматташтыруу” аттуу семинар өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде математика жана компьютердик технологиялар факультетинин демилгеси менен билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу маселелерине арналган “Санариптик куралдар жана билим берүүнү автоматташтыруу” аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү.

Иш-чарага конок лектор катары Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары чакырылып, мында алар билим берүүнү маалыматташтыруунун актуалдуу багыттары боюнча баяндамаларын сунушташты. Ага аталган факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, магистранттар катышып, алар тарабынан суроолор берилип, теманын негизги аспектилери кеңири талкууланды. Семинар практикалык негизде уюштурулуп, катышуучулар үчүн бир катар конок лекциялар өтүлдү.

Алсак, техника илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Алтынбек Кудуев “PDF документтер менен иштөөчү программалар” аттуу темада лекция окуп, аталган программаларды натыйжалуу колдонуу жолдорун практикалык негизде көрсөтүп берди. Ошондой эле ал санариптик билим берүү чөйрөсүнүн заманбап тенденциялары, маалыматтык системалардын педагогикалык процесстеги ролу жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча техникалык аспектилер тууралуу кеңири маалымат берди.

Бул менен бирге ОшМУнун окутуучусу, Колдонмо математика жана информатика PhD программасынын 2-курсунун докторанты Эльстан Дарбанов колдонмо информатиканын методдорун санариптик билим берүү чөйрөсүнө интеграциялоо, илимий изилдөөлөрдө заманбап маалыматтык технологиялардын орду тууралуу баяндама жасап, MyTe Digital Education Platform платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн практикалык негизде тааныштырды. Ал өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен да бөлүштү.

Ошондой эле ОшМУнун окутуучусу Бегимай Кыргызбаева билим берүүдө колдонулуучу санариптик куралдардын практикалык мааниси, алардын педагогикалык дизайны жана окуу процессинде маалыматтык технологияларды эффективдүү пайдалануунун усулдук ыкмалары тууралуу маалымат берип, мисалдар аркылуу көрсөтүп берди.

Семинардын жүрүшүндө математикалык билим берүүдөгү санариптик трансформация, компьютердик технологияларды окуу процессине киргизүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланып, катышуучулар арасында кызуу пикир алмашуу болду.