ОшМПУда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу форумунун II этабы өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу форумунун экинчи этабы болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, илимпоздор, коомдук ишмерлер, жаштар уюмдары, студенттер, маданият өкүлдөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чара университеттин музыкалык-педагогикалык факультетинин таланттарынын улуттук аспаптардагы жандуу аткаруулары менен башталып, Мурас телестудиясы тарабынан даярдалган «Улуттук мурас – заманбап көз караш» аталышындагы видеотасма көрсөтүлдү.

Форумдун ачылышында куттуктоо сөздөрү менен университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков, Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынан социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Абдылдаев жана т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов сөз сүйлөп, иш-чаранын маанисине токтолушту.

Андан соң окутуучулар жана райондордон келген өкүлдөр улуттук наркты сактоо, глобалдашуу шартында маданий иденттүүлүктү бекемдөө, элдик мурастын тарбиядагы орду, мектепке чейинки билим берүүдө улуттук баалуулуктарды колдонуу, жаштардын руханий жана экологиялык маданиятын калыптандыруу темаларында негизги баяндамалар жасалды.

Бул менен бирге илимий семинарда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун улуттук идеологиядагы ролу, улуттар аралык биримдикти чыңдоодогу мааниси жана билим берүү системасында тарбия иштерин багыттоочу концепция катары колдонуу маселелери кеңири талкууланды.

Жыйынтыгында иш-чаранын резолюциясы кабыл алынып, улуттук форумга катышуу үчүн 5 мыкты өкүл тандалып алынды. Катышуучулар уңгужол улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге заманбап, ой жүгүрткөн, руханий жактан бай муунду тарбиялоонун стратегиялык багыты экенин белгилешти.

Эскерте кетсек, аталган форумдун биринчи этабы Ош облусунун райондорунда өткөрүлүп, ар бир райондук этаптын жыйынтыгында 5тен делегат аныкталган. Натыйжада бүгүнкү облустук этапка 7 райондон жалпы 35 делегат катышты.