ОшМПУнун МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ СТУДЕНТТЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде 1-курстарды кабыл алуу аземи болуп өттү.
Саамалык 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата уюштурулду. Ага аталган факультеттин деканы Венера Исакова баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышып, таланттуу студенттердин чыгармачылык кечесине күбө болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттик күндөрдү чагылдырган факультетти даңазалаган видео тасма көрсөтүлдү. Аны улай студенттер сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана өнөрлөрүн көрсөтүшүп, кызыктуу оюндарды ойнотушту.
Жыйынтыгында бүтүрүүчү курстун студенттери 1-курстун студенттерине зачеттук китепчени жана студенттик ачкычты официалдуу түрдө тапшырып, алардын окууларына жана чыгармачылык жолуна ийгиликтерди каалап өтүштү. Ошондой эле студенттер “Убактылуу капсула” аталышындагы мезгил кутучасына өз кыялдарын жана максаттарын жазып калтырышты.
Жаңы комментарий кошуу