ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ БОРБОР АЗИЯНЫН ЧИЙИМТАШТАРЫ АТАЛЫШЫНДАГЫ СЕМИНАРГА КАТЫШУУДА

2025-жылдын 11-12-13-ноябрь күндөрү Чүй облусунун Калмак-Ашуу айылында Борбор Азиянын чийимташтары (петроглифтери) аталышында 3-күнгө созулган семинар өтүп жатат. Ага ОшМПУнун тарых кафедрасынын окутуучусу Канатбек Казакбаев катышууда.

Семинар “Айгине маданий изилдөө борбору” тарабынан уюштурулуп, ага Өзбекстан,Таджикистан, Казакстан Түркмөнстан жана Кыргызстандын 7 облусунан ар түрдүү кесип ээлери, археологдор, тарыхчылар, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр жана искусство тармагындагы инсандар катышып жатышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар даярдап келген докладдары менен тааныштырып катарда Канатбек Казакбаев “Чийимташтарды чечмелөөдө азыркы археология кайсы билим системасына таянат?” темасында доклад окуду. Мындан сырткары топтук иштер, чийимташтарды коргоо, укуктук механизмдер жана ийгиликтүү тажрыйбалар, чийимташтар менен заманбап сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын байланышы жана “Санариптик сапар” долбоорунун жыйынтыктары көрсөтүлдү.

Саамалыктын максаты Борбордук Азиянын 5 республикасынын аймагында табылган табылгаларды сүрөттөрдү, баалуу мурастарды документтештирүү менен аларды сактоо, бөлүшүү, өзгөчө маданий эстеликтердин маанисин көрсөтүүгө умтулуу болуп саналат.