ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ ИТАЛИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮККӨ КАТЫШЫП КЕЛДИ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу-география факультетинин биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын ага окутуучусу, Erasmus+ KA171 долбоорунун координатору Сагынбаева Гулзада Авазбековна Италиянын “G. d’Annunzio” Чиети-Пескара университетинин чакыруусу боюнча эл аралык академиялык мобилдүүлүккө катышып келди.

Чакыруунун негизинде координатор айым 2025-жылдын 26-октябрынан 1-ноябрына чейин аталган университетте кызматтык мобилдүүлүк жүргүздү. Сапардын алкагында ал Европа жогорку окуу жайларындагы тажрыйба, окуу-усулдук иштер жана эл аралык кызматташуу жаатындагы шарттар менен таанышып келди.

Бул визит Erasmus+ KA171 ICM программасынын алкагында ишке ашып, университеттер ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоого, ошондой эле окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга багытталды.