ОшМПУнун ОКУТУУЧУСУ РЕСПУБЛИКАЛЫК АЙТЫШТА БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучусу Нурсултан Абдикаримов төкмө акындардын республикалык айтыш сынагында 1-орунду ээледи
Иш-чара Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата уюштурулуп, ага 15 тен ашуун акын катышты.
Сынактын жүрүшүндө акындар көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап, төкмөлүк өнөрлөрүн тартуулашты
Жыйынтыгында баш байгени окуу жайдын окутуучусу Нурсултан Абдикаримов багындырып, 200 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 2-орун Болот Назаров 130 000 сом, 3-орунду Идрис Айтбаев камсыздап 100 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле бардык катышуучуларга кызыктыруучу жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек байге фонду 1 миллион сомду түзгөн.
Жаңы комментарий кошуу