ОшМПУнун балдар курама командасы ЖОЖдор аралык волейбол мелдеште баш байгени багындырды

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош шаарында жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Аталган спорттук иш-чарада Ош мамлекеттик педагогигалык университетинин балдар курама командасы мыкты оюн көрсөтүү менен 1-орунду ээлеп, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Мелдешке жалпысынан 5 окуу жайдын командалары катышты.

Жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик университети, 2-орунду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, ал эми 1-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университети багындырды. Саамалык Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

ОшМПУнун балдар курама командасынын курамы:

• Команданын капитаны — Айдар Нуркамалов

• Марсел Турганбаев

• Курбанали Таирбек уулу

• Дениз Арапбаев

• Исхак Мустафакулов

• Шеримбет Сатарбеков

• Кутманали Токтосунов

• Нурелес Бактыбек уулу

• Ахилем Исаев

• Нурислам Кашкариев

• Жакшылык Абдижалилов

• Амантур Алымов

Команданын машыктыруучусу — Данияр Осмоналиев.

Бул жеңиш окуу жайдын студенттеринин спортко болгон кызыгуусунун жана командалык ынтымактын жогорку деңгээлде экенин дагы бир ирет далилдеди.