ОшМПУнун китепкана фонду жаңы китептер менен толукталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин китепкана фондуна мамлекеттик жана коомдук ишмер, химия илимдеринин доктору, академик Бектемир Мурзубраимов тарабынан анын 85 жылдык мааракесине арналган китептер белекке берилди.

Ошондой эле К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биотехнология жана химия кафедрасынын улук окутуучусу Айнажамал Мойдунова тарабынан “Органикалык эмес жана аналитикалык химия” аттуу китептин 35 нускасы университетке тапшырылды.

Мындан сырткары, Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси Эркайым Маматкарим кызы тарабынан “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы жана сөздүк китептер университетке тартууланды.

Аталган китептер бүгүн университеттин ректору Бекмурза Зулуев тарабынан расмий түрдө окуу жайдын китепкана жетекчиси Карамат Каралаевага тапшырылды. Белекке берилген китептер студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын илимий-изилдөө иштерине кеңири пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.