ОшМПУнун колледжинде Мамлекеттик тил күнүнүн 37 жылдыгы белгиленди

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына карата “Улуттун деми - Уңгужол, улуттун жүрөгү- кыргыз тили” аттуу майрамдык иш-чара өттү.

Саамалык колледждин Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программалардын негизинде өткөрүлдү.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө таланттуу студенттер жана окутуучулар тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланып, анда кыргыз тилинин, улуттун тарыхы, маданияты жана руханий дүйнөдөгү орду көркөм окуу, ыр, манас айтуу жана төкмөлүк өнөр аркылуу чагылдырылды. Ошондой эле Мамлекеттик тилдин гимни аткарылып, катышуучуларга кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалаган чыгармалар сунушталды.

Майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгү конок-лекция менен уланды. Мында Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Динара Жумабаева студенттерге “Көчмөн рухтун жолу: байыркы кыргыз жазууларынан Айтматовго чейинки адабият» аттуу темада конок-лекция өттү.

Анда кыргыз элинин байыркы жазма мурастары, көчмөн дүйнө тааным, улуттук адабияттын калыптанышы жана анын өнүгүү жолу тууралуу кеңири маалыматтар берилип, кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармачылыгына токтолду.

Мындай иш-чаралар жаштардын эне тилге болгон сый-урматын арттырып, кыргыз тилинин тарыхын, адабиятын жана улуттук мурастарын терең таанып-билүүсүнө өбөлгө түзөт.