ОшМПУнун колледжинде кезектеги конок-лекция өткөрүлдү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан илимий-практикалык багыттагы конок лекция уюштурулду.
Иш-чарага лектор катары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Уларкан Акматова чакырылып, мында ал “Баланын китеп окуусундагы педагогикалык талаптар” темасында мазмундуу лекция окуду.
Ага колледждин мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасынын башчысы Меринса Нышанбаева баштаган окутуучулар жамааты, колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Өмүрбек Асилбек уулу жана бардык адистиктердин 1-2-жана 3-курстун студенттери активдүү катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, интерактивдүү оюндарга катышып, китеп дүйнөсүнө кызыктуу саякат жасашты. Командалык иште өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн студенттерге баалуу белектер тапшырылды.
Соңунда колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Өмүрбек Асилбек уулу лекторго терең ыраазычылык билдирип, кафедранын атынан салтанаттуу түрдө ыраазычылык кат тапшырды. Ошондой эле студенттер лекциядан алган таасирлерин бөлүшүп, мындай сабактар алардын кесиптик өнүгүүсү үчүн чоң мотивация болоорун белгилешти.
Белгилей кетсек, бул сыяктуу тажрыйба алмашуу форматындагы иш-чаралар болочок педагогдордун билимин тереңдетип, практикалык көндүмдөрүн калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.
Жаңы комментарий кошуу