ОшМПУнун колледжинде “Алтын Казык” Программасы боюнча семинар өткөрүлдү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде мектепке чейинки билим берүү адистигинин окутуучулары жана студенттери үчүн «Алтын Казык» программасы боюнча семинар уюштурулду.
Иш-чаранын коноктору Бишкек шаарындагы Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык колледжинин окутуучулары Динара Кутманалиева жана Назира Турсункулова болду. Мында алар катышуучуларга Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүнүн моделин киргизүүнүн зарылдыгы, анын артыкчылыктары жана жаңы муунга ылайыкташтырылган методикалык ыкмалар тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.
Семинардын жүрүшүндө “Алтын Казык” Программасын трансформациялоо, заманбап методдорду колдонуу, баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоонун жолдору боюнча түшүнүктөр берилип, билим берүү процессинде инновациялык технологияларды колдонуу жана дүйнөлүк тенденциялар менен шайкеш келтирүү тууралуу маанилүү сунуштар айтылды.
Бул менен бирге мектепке чейинки билим берүүдө балдардын гигиенасы, өнүгүү өзгөчөлүктөрү жана заманбап методикалар, бала бакчадагы тарбиялык иштерди уюштуруунун эффективдүү ыкмалары жана педагогдун ролу, интербелдүү усулдар, 12
жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана келечектеги мааниси жөнүндө баяндамалар жасалып, түрдүү тапшырмаларды аткарышты. Саамалык суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар арасында кызуу талкуу жүргүзүлүп, жылуу пикирлер, ыраазычылыктар менен соңуна чыкты.
Жаңы комментарий кошуу