ОшМПУнун колледжинде “Жашоонун баалуулуктары — өмүргө болгон өбөлгө” аталышындагы талкуу өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжиндеги мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан бүтүрүүчү курс студенттери үчүн “Жашоонун баалуулуктары — өмүргө болгон өбөлгө” аталышындагы талкуу уюштурулду.

Иш-чарага атайын конок катары психолог жана педагогдор Жыпар Шербаева, Шарипа Тарыкичева, ошондой эле аталган кафедранын башчысы Меринса Ниашнабаева жана окутуучулар катышты.

Талкуунун жүрүшүндө студенттерге жашоодо туура багыт тандоо, өзүн-өзү өнүктүрүү, психологиялык колдоо тууралуу маалыматтар берилип, турмуштук тажрыйбалар жана пайдалуу кеңештер айтылды.

Мындан сырткары, иш-чара суроо-жооп форматында уланып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты — жаштардын ой жүгүртүүсүн кеңейтүү, руханий баалуулуктарды бекемдөө жана алардын келечекке болгон көз карашын калыптандыруу болуп саналат.