ОшМПУнун кызматкерлери кесиптик бирликтин сыйлыктары менен сыйланышты
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин бир катар окутуучулары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин сыйлыктарына татыды.
Сыйлоо аземи 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан Ош мамлекеттик университетинин базасында уюштурулду. Иш-чара билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды тарбиялоого салым кошкон агартуучулардын эмгегин баалоо максатын көздөдү.
Салтанаттын жүрүшүндө “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси менен төмөнкү окутуучулар сыйланышты:
- ОшМПУнун дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы Кулуда Ураимовна Нурмаматова;
- ОшМПУнун математика жана информатика кафедрасынын башчысы Нургүл Акылбековна Сооронбаева.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен:
- мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Надира Нуретбековна Амиракулова;
- экономика жана социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу Зарылбү Кочкорбаевна Машрапова;
- мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасынын окутуучусу Инаят Тургуналиевна Калыгулова;
- ОшМПУнун бухгалтери Мелисбек Абдыкалыкович Жолдошов сыйланышты.
Окуу жай жетекчилиги аталган сыйлыкка татыган окутуучуларды жана кызматкерлерди куттуктап, аларга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.
Жаңы комментарий кошуу