ОшМПУнун магистранттары Erasmus+ KA171 программасынын алкагында Италияда академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистранттары Erasmus+ KA171 программасынын алкагында Италиянын Кьети-Пескара шаарындагы Gabriele d’Annunzio University университетинде академиялык мобилдүүлүк программасына катышып, билим тажрыйбасын жогорулатып келишти.
Академиялык мобилдүүлүк 2026-жылдын 4-апрелинен 31-июлуна чейин түзүлгөн келишимдин негизинде уюштурулуп, ага окуу жайдын магистратура бөлүмүндө күндүзгү окуу формасында билим алып жаткан студенттер катышты.
Мобилдүүлүк программасынын алкагында университетибизден төмөнкү магистранттар Италияда билим алышты:
1. Алия Назарова ФБК-1-24 тайпасынын магистранты;
2. Зуура Өмар кызы – ФОИ-1-24 тайпасынын магистранты;
3. Алина Бактыбек кызы– ФБК-1-25 тайпасынын магистранты.
Gabriele d’Annunzio университетинин Erasmus+ KA171 программасынын координатору Ана Барган университетиттен барган магистранттарды кабыл алып, окуу жайдын билим берүү ишмердүүлүгү жана окуу процесси менен тааныштырды.
Келишимге ылайык, студенттер чет өлкөлүктөр үчүн итальян тили, Британ театрынын тарыхы, Заманбап жана азыркы англис театры курстарынан итальян жана англис тилдеринде билим алышты. Окуу жыйынтыгында өткөрүлгөн оозеки экзамендерде 30 баллдык баалоо системасы боюнча 24–28 балл алып, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.
Программанын алкагында ар бир катышуучуга 3600 евро өлчөмүндө стипендия төлөнүп, Казакстан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген 15тен ашуун магистрант үчүн академиялык мобилдүүлүккө квота бөлүнгөн. Мындан сырткары, студенттерге окуу куралдары жана университеттин логотиби түшүрүлгөн бренддик белектер тапшырылды.
Мобилдүүлүк мезгилинде Erasmus+ волонтёрлор тобу тарабынан Рим, Ватикан, Венеция, Милан, Неаполь жана Болонья шаарларына таанышуучу саякаттар уюштурулуп, катышуучулар Италиянын тарыхый-маданий мурастары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Академиялык мобилдүүлүк студенттердин эл аралык тажрыйбасын кеңейтүүгө, тилдик жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Ош мамлекеттик педагогикалык университети Erasmus+ программасынын алкагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана студенттердин академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт
Жаңы комментарий кошуу