ОшМПУнун музыкалык-педагогикалык факультетинде келечекке багытталган конок-лекция өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинде конок-лекция уюштурулду.

Иш-чарада филология илимдеринин кандидаты, доцент Ажимамат Боронбаев студенттерге жана окутуучуларга “Музыка мугалими бүгүн жана келечек үчүн” аталышындагы мазмундуу лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында жогорку окуу жайлар эмнеге даяр болушу керектиги, ошондой эле бүгүнкү күндөгү музыка мугалиминин коомдогу орду жана жоопкерчилиги тууралуу маанилүү маселелер көтөрүлдү.

Теориялык маалыматтар интерактивдүү форматта берилип, студенттер суроо-жооп аркылуу активдүү катышып, өз билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындан сырткары агайдын шакирттери Кубаныч Орозбаев, Кайрат Садыкбай уулу жана кафедранын окутуучусу Жанбала Абдыманап уулу тарабынан жагымдуу музыкалык чыгармалар тартууланды.

Конок-лекция музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду. Жыйынтыгында кафедранын окутуучулары Аптап Нышанова жана Клара Абдыразакова лекциянын мазмундуу жана жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти. Ал эми кафедра башчысы Турат Муратов ректорат тарабынан берилген “Ыраазычылык катты” лекторго салтанаттуу түрдө тапшырды.