ОшМПУнун окутуучулары арасында кышкы спорттук спартакиада старт алды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде салтка айланган факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасындагы кышкы спорттук спартакиада башталды.
Спартакиаданын салтанаттуу ачылышында университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков сөз сүйлөп, мындай спорттук иш-чаралар жамааттын ынтымагын бекемдеп, сергек жашоо образын жайылтууда маанилүү роль ойноорун белгиледи. Ал катышуучуларга активдүүлүк, атаандаштык жана мыкты жыйынтыктарды каалады.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 Жарлыгына ылайык ишке ашырылып жаткан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында уюштурулду. Спартакиадага жалпысынан 9 команда катышууда. Алар: 5 факультет, колледж, чарба иштери бөлүмү, администрация жана «Бөбөктай» мектепке чейинки билим берүү мекемеси.
Жобого ылайык мелдеш 19-январдан 24-январга чейин уланат. Катышуучулар волейбол, баскетбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол боюнча күч сынашат. Жыйынтыгында алдыңкы орундарды ээлеген командалар жана активдүү катышуучулар университеттин ректораты жана Профсоюз комитети тарабынан дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
Учурда мелдешке расмий старт берилип, эжекелер ортосундагы волейбол мелдеши жүрүп жатат. Белгилей кетсек, спартакиада окутуучуларды жана кызматкерлерди сергек жашоо образына үндөө, жамаат ичиндеги ынтымакты бекемдөө максатында окуу жай жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулууда.
Жаңы комментарий кошуу