ОшМПУнун окутуучулары жана студенттери «International Summer School – 2026» эл аралык жайкы мектебинде
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери Өзбекстандын Кокон университетинде өткөрүлгөн «International Summer School – 2026» эл аралык жайкы мектебине катышты
Иш-чара 2026-жылдын 3–8-август күндөрү Өзбекстандын Кокон шаарында уюштурулуп, ага окуу жайдын Психология адистигинде билим алып жаткан студенттери, профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун студенттери катышты
Саамалыктын жүрүшүндө студенттер илимий-агартуу багытындагы бир катар иш-чараларга катышып, кесиптик билимдерин тереңдетүү менен бирге, билим жана тажрыйба алмашууга, эл аралык деңгээлде жаңы достук жана кесиптик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты
«International Summer School – 2026» жаштардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде тажрыйба топтоосуна өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду
Эл аралык жайкы мектепке катышуу студенттердин кесиптик жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө, жаңы билимдерди өздөштүрүүсүнө жана эл аралык байланыштарын кеңейтүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Жаңы комментарий кошуу