Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Султанова Айнура Абайдиллаевна илимдин кандидаты дипломуна ээ болду.

Белгилей кетсек окумуштуу өзүнүн илим изилдөө ишин 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча “Чоң – Алай топонимиясынын лексика – семантикалык эволюциясы жана фонетикалык өзгөрүүлөрдүн тарыхый мыйзам ченемдери” деген темада жүргүзүп, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн өз диссертациясын коргогон.

Урматтуу Айнура Абайдиллаевна! Сизди бул зор жетишкендигиңиз менен ОшМПУ жамааты чын дилден куттуктайт. Илим-билим жолундагы изденүүңүз, тынымсыз эмгегиңиз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары да жаш муундарга дем берип, окуу жайдын өркүндөшүнө салым кошо беришиңизге тилектешбиз.