ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев жетекчилик кызматын тапшырды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ректор Бекмурза Зулуевдин университет жамааты менен жолугушуусу өтүп, жетекчилик кызматтагы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызмат ордун расмий тапшыруу аземи болду.
Ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ардагер окутуучулар жана эмгек жамаатынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бекмурза Зулуев кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, биргелешкен эмгек жолун белгиледи.
«Сиздер менен кесиптеш, замандаш катары 15 жылга жакын убакыт бою үзүрлүү кызматташып, өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бирге салым кошуп келдик. Агартуу тармагын алга сүрөгөн сиздердей ынтымактуу жамаат менен бирге иштешкениме сыймыктанам», — деди ал.
Ошондой эле жамаат ректордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу чыгарылган буйрук менен тааныштырылды. Ага ылайык, университеттин ректору белгиленген тартипте дайындалганга чейин ректордун функционалдык милдеттерин аткаруу окуу иштери боюнча проректор Каныбек Тургунович Раимбековго биринчи кол коюу укугу менен жүктөлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ректордун кеңешчиси, т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов, университеттин Аксакалдар кеңешинин төрагасы Мырзаш Жумабаев, ардагер окутуучу агай эжекелер жана факультет декандары сөз сүйлөп, Бекмурза Зулуевге университеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Алар ректор менен биргеликте иштеген жылдардагы эмгек жолун эскерип, ак баталарын берип, мындан аркы иштерине ийгилик жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалашты.
Соңунда университет жамааты Бекмурза Зулуевге мындан аркы өмүр жолунда бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы бийиктиктерди каалады.
Белгилей кетсек, Бекмурза Зулуев 2011-жылы ОшМПУга ректор болуп дайындалып, 2016-жана 2021-жылдары шайлоонун негизинде жамааттын толук колдоосу менен кайрадан ректор болуп шайланган.
Жаңы комментарий кошуу