УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР, КАДЫРЛУУ ОКУМУШТУУЛАР ЖАНА ИЛИМ ЖОЛУНДА ЭМГЕКТЕНГЕН ЗАМАНДАШТАР!
Сиздерди 10-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Илим – коомдун интеллектуалдык өнүгүүсүнүн, мамлекеттин туруктуу өсүшүнүн жана келечек муундардын бакубат жашоосунун негизги таянычы. Илимий изденүү, жаңы билимдерди жаратуу жана аларды коомдун өнүгүүсүнө багыттоо – ар бир окумуштуунун жооптуу жана ардактуу миссиясы.
Бүгүнкү технологиялык өзгөрүүлөр, жасалма интеллекттин өнүгүшү жана коомдун улам жаңыланып жаткан муктаждыктары жогорку окуу жайларынан илимий ишмердүүлүккө жаңыча мамиле жасоону талап кылууда. Университет билим берүүчү мекеме гана болбостон, жаңы идеялар жаралган, инновациялык чечимдер иштелип чыккан жана коомдун өнүгүүсүнө реалдуу салым кошкон илимий-интеллектуалдык борбор болууга тийиш.
Ушул багытта А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү өзүнүн стратегиялык артыкчылыктарынын негизгиси катары карайт.
Алдыдагы мезгилде биз илимий изилдөөлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, университеттин илимий потенциалын чыңдоого, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана илимий жетишкендиктерди билим берүү практикасына киргизүүгө өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатабыз.
Муну менен катар жаш окумуштууларды колдоо, илимий мектептерди өнүктүрүү, дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү кеңейтүү, илимий долбоорлорго жана гранттык программаларга катышууну активдештирүү, илимий эмгектердин эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүүлүгүн жогорулатуу артыкчылыктуу милдеттерибизден болмокчу.
Педагогикалык университет катары биз үчүн өзгөчө маанилүү багыт – илим менен билим берүүнүн жана мектеп практикасынын ортосундагы байланышты бекемдөө. Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдерди даярдоонун заманбап моделдерин иштеп чыгууга, педагогикалык инновацияларды жайылтууга жана мектептердин актуалдуу көйгөйлөрүн илимий негизде чечүүгө багытталган колдонмо изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө умтулабыз.
Ошондой эле университетте илимий изденүүгө дем берген академиялык чөйрөнү калыптандыруу, изилдөөчүлөрдүн демилгелерин колдоо жана илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун баалоонун ачык-айкын механизмдерин өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз.
Бул максаттарга жетүү университеттин жалпы жамаатынын интеллектуалдык дараметине, чыгармачылык демилгесине жана биргелешкен аракетине түздөн-түз байланыштуу.
Урматтуу кесиптештер!
Ушул майрам күнү илимдин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан ардагер окумуштууларыбызга, илимий-педагогикалык кызматкерлерибизге, жаш изилдөөчүлөрүбүзгө жана илим жолунда талыкпай эмгектенип жаткан бардык замандаштарыбызга терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, чыгармачылык эргүү, жаңы илимий идеялар, ийгиликтүү изилдөөлөр жана зор жетишкендиктерди каалайм!
Илимий изденүүлөрүбүз жаңы ачылыштарга, жетишкендиктерибиз билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, ал эми биргелешкен эмгегибиз өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылсын!
Илим күнүңүздөр кут болсун!
Урматтоо менен,
Жылдыз АРТЫКОВА
А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору
Жаңы комментарий кошуу