ОшМПУнун студенти, волейболчу Огулай Кудайкулова Азия оюндарында ийгилик жаратууда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетиндеги дене маданияты адистигинин ДТД-1-23 тайпасынын студенти, волейбол боюнча спорт чебери Кудайкулова Огулай Капарбековна Кыргызстандын улуттук курамасынын катарында XX Азия оюндарында өлкө намысын коргоп жатат.

Учурда Азия оюндары Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп, анда Огулай Кудайкулова Роза Расулбек кызы менен биргеликте кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдешке активдүү катышууда. Кыргызстандык жуп тайпалык этаптагы оюндарын ийгиликтүү өткөрүп, плей-офф баскычына жолдомо алды. Аталган жуп экинчи турда Түштүк Кореянын командасын 2:1 эсебинде жеңип, тайпадагы абалын жакшыртты.

25-сентябрда тайпалык этаптын акыркы оюнунда Огулай Кудайкулова менен Роза Расулбек кызы Кытайдын жуп командасына каршы беттешип, 0:2 эсебинде утулуп калышты. Жыйынтыгында кыргызстандык жуп үч оюндун эсеби боюнча өз тайпасында экинчи орунду ээлеп, мелдештин плей-офф баскычына чыкты. Кыргызстандын командасынын плей-оффтогу атааңдашы азырынча аныктала элек.

Огулай Кудайкулованын эл аралык мелдеште өлкө намысын коргоп, Азия оюндарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин атын татыктуу таанытып жатканы – университет жамааты үчүн чоң сыймык. Окуу жай таланттуу, аракетчил жана спортто ийгилик жаратып жаткан студентин колдойт. Огулайга алдыдагы беттештерде ийгилик, күч-кубат жана жеңиштерди каалайбыз!