ОшМПУнун студенттери жана окутуучулары эл аралык марафонго ийгиликтүү катышты

Ош шаарынын күнүнө карата шаарда эл аралык массалык чуркоо марафону өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага Өзбекстан, Беларусь, Непал, Индия мамлекеттеринен жана Кыргызстандын жети облусунан келген жалпы 400гө жакын спортчу катышты.

Марафондун катышуучулары Ош шаарынын Борбордук аянтынан старт алып, “Ак-Буура” үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин барып, кайра борбордук аянтка кайтышты. Жалпы 7 чакырым аралыкты камтыган мелдеш спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталды.

Массалык чуркоо марафонуна Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жана окутуучулары да активдүү катышып, жогорку көрсөткүчтөрдү жаратышты. Атап айтканда, дене тарбия факультетинин 2-курсунун ДТ-25 тайпасынын студенти Санжарбек Түмөнов 7-орунду ээледи.

Ал эми университеттин окутуучулары арасынан экономика жана социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу Замирбек Камбаров 6-орунду, дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу Махаматсадык Эркинбаев 4-орунду камсыз кылды

Спортчулардын марафонго даярдануусуна машыктыруучулар, дене тарбия факультетинин деканы Абдувахап Капаров жана машыктыруучу Урматбек Каратаев жетекчилик кылышты.

ОшМПУнун өкүлдөрүнүн мындай спорттук иш-чараларга активдүү катышуусу университетте дене тарбиясын өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана студент-жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айгинелейт.

Соңунда байгелүү орундарга ээ болгон катышуучуларга сыйлыктар, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.